Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Евробиримдик Кыргызстанга 30 миллион евро берет


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 10-июлда Германиядан келген делегация менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, анда Европарламент өткөн аптада Кыргызстанга 30 миллион евро берүүнү жактырганы маалымдалды.

Жолугушууда негизинен айыл чарба, жол куруу, курулуш материалдарын чыгаруу, туризм, таштандыларды кайра иштетүү жаатта кызматташуу тууралуу сөз болду. Ушул жылдын сентябрь айында кыргыз-немис өкмөттөрүнүн соода жана инвестиция боюнча жумушчу тобу жыйын курары айтылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG