Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

Бир айда 94 миллион сомдук экономикалык кылмыш аныкталды


Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат бир айдын ичинде 13 кылмыштын бетин ачканын билдирди. Натыйжада чыгым 94 миллион сомду түзгөн. Ошондой эле кылмыш иштер боюнча шектелгендерди издөөдө жети адам камакка алынган.

Ушул жылдын март айында ашкере жемкордукка баткан орган катары Каржы полициясы жоюулуп, анын ордуна Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы түзүлгөн болчу. Жаңы кызматка кадрлар сынак менен тандалып алынып, толук бир ай мурун ишин баштаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG