Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:16

Сырт жайлоосунда 238 адам кара тумоого каршы эмделди


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Аскарбек Айдыкеев билдирди. Анын айтымында, аймакта түшүндүрүү иштери жүрүп, кара тумоо тууралуу маалымдамалар таратылды. Учурда эмдөө уланууда. Ошондой эле жайлоого келип-кеткен адамдар каттоого алынууда. Айдыкеев туристтик фирмаларга жугуштуу дарт боюнча кат жөнөтүлгөнүн, облустук аңчылык департаментине суурларга жана майда жырткычтарга аңчылык кылууну тыюу боюнча өтүнүч берилгенин маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек коктусунан чыккан суур жана башка жаныбарлардан кара тумоо илдети табылганын 4-июлда кабарлаган. Каракол шаардык карантиндик жана өтө кооптуу жугуштуу оорулар бөлүмү текшерип, кара тумоо бар экенин аныктан. (MK/EBM)

XS
SM
MD
LG