Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Румыниянын премьер-министри: өкмөт мыйзам үстөмдүгүн сыйлайт


Румыниянын премьер-министри Виктор Понта анын өкмөтү мыйзам үстөмдүгүн сыйлайт деп Европа биримдигин ишендирди. Бир нече күн мурун президент Траян Басескуга импичмент жарыялоо багытында бир катар кадамдар жасалган.

Брюсселде Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц менен жолугушуудан кийин Понта импичмент боюнча референдум өткөрүү чечими урматталарын айтты. Конституциялык сот референдумдун жыйынтыгын мыйзамдуу деп табуу үчүн 29-июлдагы добуш берүүгө шайлоочулардын көбү катышууга тийиш деген бүтүм чыгарган. Понтанын өкмөтү болсо добуш берүүнун жыйынтыгы элдин катышуусуна карабай жарактуу деп табылсын деген чукул декретти жактырган.

Шулц маанилүү мыйзамдар убактылуу декрететтер менен алмаштырылбоого тийиш деп белгиледи.

Кечээ Европа биримдигинин укуктук маселелер боюнча комиссары Вивиан Рединг мыйзамдар урматталбаса, Румыния Шенген аймагына кабыл алынбашы мүмкүн деп эскертти.

XS
SM
MD
LG