Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстанда 12-14-июль күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам тоолуу жана тоо этектеген ойдуң жерлерде сел жүрүшү мүмкүн.

13-июлда кээ аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 30…35 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус жылуу.

Бишкекте 13-июлда түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым учурда 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14... 16, күндүз 27... 29 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 11-июлда күндүз 20, ал эми 12-июлда эртең менен 19 градус болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG