Ош шаарындагы аймактык тескөөчүлөр өткөн алты айда жасаган иштери боюнча элге отчет берип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" ШИИБнын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, ушул жуманын башынан шаардагы 11 коомдук алдын алуу борборлорунда жарым жылдын жыйынтыгы элге маалымдалууда.
Ички иштер министринин буйругу менен өткөн жылдан тарта тартип кызматкерлери алты айда бир жолу эл алдында отчет бере башташкан.
«Отчет берип гана тим болбой, жолугушуу учурунда милиция тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер жана сунуштар жашоочулар тарабынан айтылууда. Бул өнөктүк эл менен милициянын ортосунда баарлашуу аянтчасын түзүүгө өбөлгө болду»,- дейт Сыдыков.
Ош шаарында 60 аймактык тескөөчү эл менен иштейт. Андан сырткары, ар бир конушка арыз-даттануулар үчүн кутулар коюлган. Аларга түшкөн каттар менен жума сайын шаар милициясынын башчысы таанышып турат. (SE)