Президент Алмазбек Атамбаев “Кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамкерчиликке жат же кадыр-баркты басмырлаган мамилени жана жаза түрлөрүн тыюу боюнча улуттук борбор жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эми мыйзамга ылайык кыйноолорду алдын-алуу боюнча борбор түзүлөт. Бул борбор абактарда жана башка кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге, алдын ала эскертпестен, күтүүсүз текшерүү жүргүзүүгө укуктуу жана кол тийбестик мандаты болот.
2008-жылы Кыргызстан БУУнун Кыйноолорго каршы конвенциясына кошулуп, бул жаатта атайын орган ачуу милдетин алган.
Улуттук борбордун координациялык кеңеши 11 адамдан турат. Алардын бири парламенттеги оппозициядан, бирөө коалициянын өкүлү, 8 адам коомдук уюмдардан жана жарандык коомдон, 1 адам акыйкатчынын өкүлү болот.
Президент мыйзамга кол коюу менен бирге анда көрсөтүлгөн уюштуруу иштерин үч ай ичинде бүткөрүүнү өкмөткө жүктөдү. (BkA)