Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Педофилиянын курмандыктарынын саны өсүүдө


Ички иштер министрлиги Кыргызстанда балдарды зордуктоо же педофилия көрүнүштөрү көбөйгөнүн билдирүүдө. Анда жыл башынан бери өлкө боюнча 73 кылмыш катталганы кабарланды.

Бул кылмыштар арасынан алтоонун бети ачылбай калса, 50 иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитовдун айтымында, бачабаздык көбөйүп, географиялык алкагы кеңейип да баратат. Былтыр алгачкы алты айда 42 кылмыш катталган эле.

Мындан улам ИИМ өкүлдөрү кылмыштын бул түрүнө каршы чогуу күрөшүүгө чакырып, ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбоого үндөөдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG