Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

“Электрстанциялар” ишканасы көмүр сатып алуу үчүн тендер өткөрөт


“Электрстанциялар” ишканасы 19-июлда Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу үчүн тендер өткөрөт. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда ишкана 300 миң тоннага жакын көмүр сатып алууну көздөөдө. Бул үчүн атайын тендердик комиссия түзүлүп, алар кызыкдар компаниялардын документтерин кылдат текшерип чыгат. Тендер ачык өткөрүлүп, жыйынтыгы ошол күнү эле белгилүү болот.

Буга чейин Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү, “Таза табигат” бейөкмөтүнүн төрайымы Анара Дауталиева тендерлерди өткөрүүдө мыйзамдар одоно бузулуп, коррупциялык аракеттер болуп жатканын айтып чыккан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG