Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Орусиянын аскер объекттеринин акысы боюнча түшүндүрмө берилди


Кыргызстандын президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков Кыргызстандагы Орусиянын аскер объекттеринин акысы боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сапар Исаков коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин аскерий объекттери тууралуу айткандарын орусиялык маалымат каражаттары туура эмес чечмелеп алганын белгилеген.

Исаковдун маалыматында, Орусиянын Канттагы аба базасын 2020-жылга чейин, ал эми калган аскерий объекттерди 2017-жылга чейин Кыргызстанда калтыруу боюнча келишимдер бар.

Ошол эле учурда эки өлкө ортосунда бириктирилген аскерий базанын жайгаштыруу боюнча келишимдин долбоору талкууланып жатканын да кошумчалаган.
Сапар Исаков Орусия стратегиялык өнөктөш экенин эске салып, бул келишимди талкуулоодо ижара акынын өлчөмү алгачкы мааниде эмес экенин билдирген.

Мындан мурда орусиялык маалымат агенттиктери коргоо министрине шилтеме жасап, Орусиянын Кыргызстандын аймагында жайгашкан үч аскер объекти үчүн ижара акы жогорулатуу талабы менен чыгарын жазып чыгышкан. Анда кошумча акы талап кылына турган объекттер Караколдогу куралдарды суу алдында сыноо базасы, Кара-Балтадагы аскердик байланыш түйүнү жана Майлы-Суудагы радиосейсмикалык лаборатория экени айтылган.

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев “Азаттыкка” курган маегинде ижара акы көбөйөрү тууралуу маалыматты төгүндөп, бирок Кыргызстан Орусиянын аскер объекттеринин акысын карап чыгарын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG