Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Филип Круазон Гибралтар кысыгын 5 саат 20 мүнөттө сүзүп өттү


Франциялык майып, 4 мүчөсү тең ампутацияланган Филип Круазон Гибралтар кысыгын – 14 километрди 5 саат 20 мүнөттө сүзүп өттү. 1994-жылы кырсыктан кийин буту-колунан айрылган Круазондун протездери сууда сүзүү үчүн ыңгайлаштырылган. 2010-жылы ал Ла-Манш кысыгынан, ушул май айында Папуа Жаңы Гвинея менен Индонезиянын ортосунан, өткөн айда Кызыл деңиздин Египет менен Иорданияны бөлгөн кысыгынан сүзүп өткөн. Ал бардык континенттердин ортосундагы кысыктардан сүзүп, майыптардын мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоону жана тынчтыкка үндөөнү көздөөдө.

XS
SM
MD
LG