Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Ратко Младич дагы бир нече күн дарыланууга муктаж


Босниялык сербдердин мурдагы аскердик лидери Ратко Младичтин адвокаты ал дагы бир нече күн дарыланууга муктаж деп билдирди. Младич Югославия боюнча эл аралык трибуналда жүрүп жаткан процесс учурунда кечээ эс учун жоготуп, кулап калган. Адвокат Бранко Лукичтин айтымында, ал азыр өзүн жакшыраак сезүүдө, буту-колу кайрадан кыймылдай баштады.

Младич 1992-95-жылкы согуш маалындагы геноцид, согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн айыпталууда. Алгачкы күбөлөр ушул аптада мурдагы генералга каршы көрсөтмө бере башташкан. Айыптарды четке кагып келаткан 70 жаштагы Младич буга чейин өзүн жаман сезгенин айткан. Маалыматтарга караганда, жашырынып жүргөн учурунда ал 2 жолу инсульт болгон. Младич 16 жыл качып жүрүп, былтыр колго түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG