Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

Орусия менен Украина газ боюнча сүйлөшүү өткөрүштү


Орус жана украин президенттери кечээ Кара деңиздин боюндагы Ялта курортунда газ боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. Бирок конкреттүү келишимге жетишилген жок. Киев Орусиядан газ сатып алуу боюнча 2009-жылы кол коюлган макулдашуудагы баалар өтө эле кымбат деп, аны кайра карап чыгууга аракеттенип келатат. Москва болсо газдын баасын түшүрүү үчүн Украинанын газ-транспорт системасын "Газпромдун" көзөмөлүнө алууну же өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусун шарт катары коюуда. Ялтадагы кездешүүдө Владимир Путин менен Виктор Янукович жыл этегинде Орусияда саммит өткөрүү жана орус президентинин дагы бир сапары тууралуу макулдашышты.

XS
SM
MD
LG