Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Атаандаш муфтият түзүүнү каалагандар боз үй тигүү аракетин улантууда


Бишкекте Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын имаратынын алдында атаандаш муфтият түзүү боюнча демилгелүү топтун өкүлдөрү боз үй тигүү аракетин улантып жатат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кайтарып, уруксат бербей жатат.

Демилгелүү топтун өкүлү Жыпарбек ажы Тойчубеков дагы бир муфтият түзүлүп, Дин иштери боюнча комиссиядан катоодон өткөнүн, муфтийдин милдетин аткаруучу болуп Рустам ажы Жумагулов дайындалганын “Азаттыкка” билдирген болчу.

“Азаттык” аталган комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаевге кайрылганда, ал мындай маалыматты четке каккан. Жумабаевдин айтымында, дагы бир муфтият түзүү тууралуу кайрылуу түшкөн, бирок комиссия борбордук башкаруу бузулбашы керектигин жүйө кармаган.

Атаандаш муфтий болду деген Рустам ажы Жумагулов 2010-жылы үч ай муфтий болуп иштеген. Мусулмандар диний башкармалыгынын азыркы башчысы Чубак ажы Жалиловго каршы топтор чыгып, анын кызматта отурушу толук мыйзамдуу эмес экенин айтып, кетишин талап кылышууда. Ажы Жалилов дооматтарды четке кагып келет. (EBM)

XS
SM
MD
LG