Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Өкмөт жемкордук боюнча мыйзам долбоорлорду ЖКга жөнөтөт


Бүгүн өкмөт жыйын куруп, коррупцияга каршы мыйзам долбоорлор топтомун Жогорку Кеңешке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алды. Кабарчыбыз Бакыт Асановдун билдиришинче, андан негизинен үч мыйзам бар.

Биринчиси, бир жылда бир учурда 20 миң долларга же андан ашык каражатка жана ошондой эле бир жыл ичинде эки же андан ашык учурда 40 миңдей долларга мүлк сатып алган жарандардын кирешесин текшерүү боюнча мыйзам долбоор. Анда мындай жаран бир айдын ичинде кирешеси тууралуу маалымат бериши керек, болбосо административдик жана кылмыш жазага тартылат.

Экинчиси мамлекеттик сатып алуулар, үчүнчүсү кээ бир мыйзамдык актыларга кошумча-алымча киргизүү долбоору. Анда негизинен мамлекеттик саясий кызматта отургандар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоого макул болуусу тууралуу мыйзам.

Президент Алмазбек Атамбаев өткөн айда Коргоо кеңешинин жыйында коррупция боюнча мыйзам долбоорлорду парламентке жөнөтүүнү кечиктирип жатканы үчүн өкмөттү сынга алган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG