Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

Бабанов: алты айда Ички дүң продукция 5,6 пайызга түштү


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн жыйында өкмөттүн алты айдагы ишин жыйынтыктап жатып, Кумтөрдөн келчү пайданын көлөмү азайгандыктан Ички дүң продукция 5,6 пайызга түшүп кеткенин билдирди. Кумтөрдүн таасири мындан ары экономикага таасир этпегендей чаралар көрүлүшү керектигин белгиледи.

Бабановдун маалыматына ылайык, жыл башынан бери сырткы соода жүгүртүү 19 пайызга өстү, бул 2 милиард 550 миллион долларды түзөт. Алтынсыз экспорт 41, импорт 37 пайызга көп болду. Мамлекеттин кирешеси 53 миллиард сомду түздү. Бул 2011-жылга карата 19 миллиард сомго көп. Салык жыйноо 25 пайызга өстү, бул 30 миллиардай сомду түзөт.

Өкмөт башчы ошондой эле айыл чарба, курулуш, соода-сатык, кызмат көрсөтүү тармактарында өсүү болгонун санап өттү. (EBM)

XS
SM
MD
LG