Спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макештин билдиришинче, олимпиадага катыша турган спортчулардын алды 17-июлдан тарта жөнөй баштайт. Негизги команда Лондонго 24-июлда жөнөйт.
Олимпиадачылардын капитаны болуп Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнөв тандалды. Бирок Көбөнов Лондондо грек-рим күрөшү боюнча таймашка 4-августта катышкандыктан олимпиаданын ачылыш аземинде кыргыз туусун оор атлетчи Бекзат Осмоналиев көтөрүп чыгат.
Кыргыз өкмөтү Лондон олимпиадасындагы спортчулардын жеңиши үчүн акчалай сыйлыктардын өлчөмүн бекитти. Ага ылайык, алтын медаль утуп, чемпион болгон спортчуга 200 миң доллар сыйлык катары ыйгарылат. Күмүш байгеге 150 миң доллар белгиленди. Лондон олимпиадасында үчүнчү орунду камсыз кылган спортчу 100 миң доллар менен сыйланат.
Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы бул ирээт 14 жолдомого ээ болду. 2008-жылы Бээжинде өткөн Олимпиадага кыргызстандык 20 спортчу жолдомо алган эле. (EBM)