Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Бабанов милицияны реформалоо создукканын сынга алды


Бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөттүн жыйынында тартип коргоо органдарын реформалоо иштери өтө создугуп кеткенин айтты. Ички иштер министри менен анын орун басарлары ортосундагы түшүнбөстүк реформалоо иштерин артка тартат деп белгиледи. Эгерде тез арада реформа жасалбаса, кескин чаралар көрүлөрүн эскертти.

Өкмөт башчы ИИМди реформалоо боюнча концепция коомдук талкууга коюлганын, 1-сентябрга чейин өкмөт аны карап жактырып, парламентке жөнөтүшү керектигин билдирди. Концепция кабыл алынгандан кийин ИИМ коомдук коопсуздукту камсыздоо жана уюшма кылмыш топтор менен күрөш боюнча гана иш алып барып, экономикалык кылмыштар менен күрөшүү функциясынан ажырарын маалымдады.

Бабановдун айтымында, ушул жылдын август айынан тарта жол-кайгуул кызматы ишке кириши керек. Жол коопсуздугун күзөткөндөргө заманбап техника орнотулган унаалар берилет. 2012-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында видео камералар орнотулуп, көчөлөрдө бир дагы МАИчи болбойт. 2013-жылы мындай камералар Ош шаарында жана республикалык мааниси бар көчөлөргө орнотулуп бүтүшү зарыл. Өкмөт башчы ИИМдин башчысы Зарылбек Рысалиевге реформа боюнча август айында отчет берүүнү тапшырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG