Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:20

Сирия: Кофи Аннанды БУУнун чабармандыгынан бошотууну талап кылышты


Сирияда демонстранттар Кофи Аннанды Бириккен улуттар уюмунун чабармандыгынан бошотууну талап кылууда. Демонстранттар Кофи Аннан жетектеген миссия жаңжалды токтотуп, кырдаалды оңдоодо эч нерсеге жетишкен жок деген нааразылык менен чыгышкан. Хама провинциясынын Тремси кыштагындагы жүздөгөн адамдардын өкмөттүк күчтөрдүн колунан өлгөнү нааразылыкты күчөткөнү айтылууда.


Расмий Дамаск болсо Тремсиде 50 киши “террорчулардын” колунан набыт болгонун билдирет.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине Сириядагы кырдаал боюнча Орусия жана Батыш өлкөлөрү даярдаган 2 резолюциянын долбоору сунушталууда. Орусия Башар Асаддын режимине каршы санкцияларды колдобой тургандыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG