Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:40

Таиландда сот башкаруучу партияны таратуу арызын четке какты


Таиланддын Конституциялык соту оппозициялык күчтөр сунуштаган арызды четке кагып, монархиянын Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чекит койду.

Эгерде сот Баш мыйзамга өзгөртүүгө жол ачса, анда премьер-министр Йинглак Чиннаваттын партиясы тарамак. Массалык башаламандык болуп кетет деген кооптонуудан улам Конституциялык соттун имараты катуу кайтарууга алынды.

Башкаруучу партия Таиланддын азыркы Баш мыйзамын 2006-жылдагы аскердик төңкөрүштөн кийин кабыл аынлгандыктан, демократиялык принциптерден алыс деп сындап келет.

XS
SM
MD
LG