Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Дамаск Тремсидеги массалык адам өлүмүн террорчуларга шылтады


Сириянын башкаруучу режимге жакын маалымат каражаттары Хама провинциясынын Тремси кыштагындагы кыргынды «террорчу-кылмышкерлер» ишке ашырды деген маалымат таратты.

Буга чейин оппозициялык активисттер Тремсиде 2 жүзгө чамалуу адам өлгөндүгүн кабарлаган. Алардын айтымында, бейшембиде өкмөттүк күчтөр кыштакты курчап алып, танк жана тик учактардан аткылашкан. Андан соң кыштакка өкмөттүк күчтөрдү жактаган «Шабиха» тобунун куралчандары кирип, аткылоону уланткан.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине Сириядагы кырдаал боюнча Орусия жана Батыш өлкөлөрү даярдаган 2 резолюциянын долбоору сунушталууда. Орусия Башар Асаддын режимине каршы санкцияларды колдобой тургандыгын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG