Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Ташиев "Ата Журттун" жалгыз төрагасы болуп шайланды


14-июлда Тарых музйеинде “Ата Журт” партиясынын кезексиз 9-курултайы чакырылды.

Кабарчыбыздын маалымдашынча, курултайга жер-жерлерден 200гө жакын делегат катышты. “Ата Журттун” парламенттеги фракциясынан Дастан Жумабеков, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев гана курултайга катышты. Садыр Жапаровдун иш сапарда экени айтылып, бирок Акматбек Келдибеков баштаган башка депутаттардын эмне себептен катышпаганын уюштуруучулар тактаган жок.

А.Келдибековдун жардамчысы бул боюнча комментарий бере албасын билдирди.
Курултайда буга чейин партиянын теңтөрагалыгын аркалап келген Садыр Жапаров өз ыктыяры менен ордун бошоткондугу айтылды. Анын ордуна Камчыбек Ташиев бир добуштан жалгыз төрага болуп шайланды. Ал эми дагы бир теңтөрага Акматбек Келдибеков төрагалыктан кеткен-кетпегени да туюк бойдон калды.

Мындан тышкары курултайда партиянын кайрадан иштелип чыккан жобосу бекитилди. Анда “Ата-Журт” партиясына мүчөлүккө кабыл алуу, саясий кеңешти уюштуруу жана ревизиялык комиссиялар тууралуу өзгөртүү, кошумчалар киргизилди.
Айрым делегаттар кийинки учурда партиянын кадыр-баркы төмөндөп кеткенин белгилешти. Алардын айткадарына караганда, буга парламенттик шайлоодо партиялык тизме менен келген депутаттардын аракетсиздиги, шалаакылыгы жана партияга көлөкө түшүргөн аракеттери себеп болду.

Мындан улам айрым депутаттарды партиядан чыгаруу маселеси көтөрүлдү. Бирок көнкреттүү адамдардын ысымдары аталган жок. Жаңы төрага Камчыбек Ташиев бул маселе саясий кеңештин кезектеги отурумунда ортого коюуларын билдирди.

Ошондой эле, курултайда партиянын 35 адамдан турган жаңы саясий кеңеши, андан тышкары ревизиялык комиссиясы бекитилди.

XS
SM
MD
LG