15-июлда Токмок шаарындагы аскердик аэродромдо картинг боюнча Борбор Азиянын жана Казакстандын ачык Кубогу өтөт.
Бул тууралуу “Азаттыкка” "Мото-экстрим" федерациясынын вице-президенти Александр Карчин билдирди.
Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Орусиядан спортчулар катышат. Учурда Казакстандан картингчилер келе баштады.
“Жарыш класс-пионер, класс-ракет, класс-мини жана башка болуп он бир класс боюнча өткөрүлөт. Ага 6 жаштан жогорку курактагылар катышса болот”, - деди А.Карчин.
Картинг – унаа жарышына кирген спорт. Бул спорт СССР ыдырагандан кийин Кыргызстанда токтоп калып, 1997-жылдан бери кайрадан мелдештер уюштурулуп келет. (MTo)