Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Жалал-Абад: Мал ылаңына себеп көп


Жалал-Абаддагы мал ылаңдарынын чыгуусуна сапатсыз дары-дармектер, ветеринарлардын жетишсиздиги жана мал ээлеринин жоопкерчиликсиз мамилеси себеп болгонун Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев облустагы ветеринария кызматынын адистери катышкан талкууда белгиледи.

Депутат Төрөбаев мал ылаңдарын сапаттуу дарылоо максатында менчик ветеринария кызматы түзүлүп, мал ээлерине жардам көрсөтүлөрүн маалымдады. Акыркы беш жылда ветеринария кызматында иштегендер 65% азайган.

Облустук ветеринария кызматы Жалал-Абад шаары менен Базар-Коргон районунда жыл башында 43 баш мал шарп оорусуна чалдыкканын, азыр эпизоотиялык абал дурус экендигин билдирди. Аксы районунун Кызыл-Туу айылынын тургундары апрель айында жүздөгөн бодо малы шарп менен ооругандыгын айтышкан. YA)

XS
SM
MD
LG