Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Курманбек Осмонов: “Ата-Журтта” жиктелүү бар


“Партиянын, фракциянын ичинде жиктелүү болуп жатат. Келдибеков, Жапаров, Ташиев үчөө тең партиянын төрагалары. Үч лидердин ортосунда ынтымак жок окшойт”. Мындай пикирин “Азаттыкка” “Ата Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмонов билдирди.

Осмоновдун белгилешинче, парламенттик шайлоодо Келдибеков жетектеген топ эң көп добушту Ош облусунан алган. Ал эми Жалал-Абаддан, Ысык-Көлдөн добуш көп болгон эмес. Ошондой эле Осмонов партияда бийлик бир кишинин колуна өткөн жагдай түзүлгөнүн, азыркы партияларда “вождизм” болбошу керектигин кошумчалады.

“Ата Журттун” бүгүн чакырылган кезексиз 9-курултайында партияга төрага болуп депутат Камчыбек Ташиев бир добуштан шайланды. Ал эми парламенттеги 28 атажуртчу депутаттан бул жыйынга Ташиевден башка депутаттар Д.Жумабеков менен Т.Мамытов гана катышты. (MTo)

XS
SM
MD
LG