Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Эл аралык байкоочулар Тремсини кыдырышты


БУУнун байкоочулары Сириянын өкмөттүк күчтөрү 12-июлда 200дөй адамды кырды деп маалымдалган Тремси кыштагына барышты. Алар жергиликтүү эл менен кездешип, танктар жана тик учарлардын чабуулунан кан төгүлгөн жайды кыдырып көрүштү. Тремсиликтер байкоочуларга өкмөттүк аскерлер колдонгон Орусиянын каруу-жарактарын көрсөтүп, Орусияны кан төгүүгө көмөктөшүүдө деп айыпташты.

14-июлда АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон президент Башар Асаддын режими Тремси кыштагынын калкын атайлап кырганы жөнүндө айныгыс далилдер бар экенин билдирди. Расмий Дамаск адамдарды террорчулар өлтүргөнүн айтууда.

Абадан тик учарлар коштогон өкмөттүк аскерлер ишемби күнү Сириянын түштүгүндөгү Дара провинциясынын Кирбет шаарына чабуул жасап жатканын оппозиция активисттери да кабарлашты.

XS
SM
MD
LG