Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:01

Жалал-Абадда алыш күрөш чемпионаты жыйынтыкталды


Кечээ кечинде Жалал-Абадда аяктаган республикалык мелдешке 300гө жакын балбан катышты. Алар алты салмак чен бирдиги боюнча таймашты. Анда биринчи орунду ээлеген Жалал-Абад облусунан беш балбан жана 2-орунга чыккан Ош облусунан бир балбан күзүндө Ош шаарында өтө турган алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты.

Оор салмактагы эң мыкты балбан деп, мурда Азия чемпиону болгон Эрмек Нуржанов табылды. Мелдешти Дене тарбия жана спорт агенттигине караштуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору уюштуруп, ага алыш күрөшү боюнча дүйнө чемпиондору Чыңгыз жана Нурбек Акановдор көмөктөштү. (YA)

XS
SM
MD
LG