Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкөдө инновациялык технологияларды колдоо жана өнүктүрүү максатында өкмөт “Кыргыз Республикасында инновациялык иш-чараларды өнүктүрүү” боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Бул токтомго ылайык, инновациялык иштерди өнүктүрүү жана стимулдаштыруу өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болмокчу жана анын алкагында өкмөткө караштуу Инновация боюнча мамлекеттик кеӊеш түзүлөт.
“Азыркы убакытта Кыргызстандын алдында экономиканы диверсификациялоо, анын атаандаштыгын арттыруу жана жаӊы иш орундарын ачуу маселелери курч турат. Улуттук инновациялык система натыйжалуу иштегенде инновациялык өнүгүү жолу жогоруда белгиленген суроолорду сапаттуу жана натыйжалуу чечери анык”, - деп жазылат токтомдун долбоорунун түшүндүрмөсүндө.
Документте “тилекке каршы республикада улуттук инновациялык система туш-туштарда бир аздан иштеп жатып, анын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүлгөн эмес” деп баса белгиленүүдө. (TTo)