Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Клинтон Египетте Жогорку аскерий кеңеште сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


АКШнын мамлекттик катчысы Хиллари Клинтон Египетте Мубарактын режими кулагандан кийинки 1 жарым жылда өлкөдө бийликти жүгүзүп турган Жогорку аскерий кеңештин мүчөлөрү менен жолукту.

Клинтон расмий Вашингтон Египеттеги аскерий жетекчилик өлкөнүн коопсуздугун гана камсыздап, саясий милдеттен акырындап бошонууну жактарын билдирди.

Египетте Аскерий кеңеш бийликти 2011-жылдын февралында мурдагы президент Мубарак элдик толкундоонун аркасында кеткенден кийин алган.

Ишембиде Клинтон Египеттин жаңы шайланган президенти Мохамед Мурси менен кезикти. Жолугушуудан кийин Клинтон журналисттерге:

- Демокартия - татаал. Биз 236 жылдан ашуун мезгилден бери бул жараяндабыз. Демократия диалог, өз ара тил табышуу жана чыныгы саясат. Биз сиздерди алдыга сүрөп, көмөк көрсөткүбүз келет. Ошол эле кезде биз муну Кошмо Штаттар эмес, египеттиктер чечээрин жакшы түшүнөбүз.

Мамкатчы Египетте өткөөл мезгилде бардык саясий күчтөр менен кызматташуу артчыкчылыгын баса белгиледи.

Ушул эле күнү Каирде Хиллари Клинтон токтогон мейманкананын алдында анын сапарына нааразылардын митинги өттү.

XS
SM
MD
LG