Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:18

Кыргызстанда 2013-жыл илбирстерди сактоо боюнча дүйнөлүк форум өтөт


Бул тууралуу Токой чарба жана жаратылышты коргоо агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Агенттиктин маалымат катчысы Жылдыз Дүйшөнованын айтымында, 15-июлда Кыргызстанга бүткүл Дүйнөлүк банктын илбирстерди сактоо боюнча дүйнөлүк демилгелер катчылыгынын өкүлдөрү атайын сапар менен келди. Алар Кыргызстандын президенти баш болгон жетекчилер менен форумду уюштуруу маселелерин талкуулайт:

- Кыргызстан кадимки шартта илбирстер байырлаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Бул иш-чара президент Алмазбек Атамбаевдин Дүйнөлүк банктын президенти Зилр мырза менен макулдашуусунун жыйынтыгында болуп жатат. Мындан улам аталган сапардын алкагында миссиянын мүчөлөрү биздин өкмөттү форумга даярдыктар тууралуу маалымат беришет.

Кыргызстанда 20 жыл мурун миңге жакын илбирс бар болсо, азыр алардын 300дөйү калган. Ошол себептүү буга чейин экс-президент Роза Отунбаева Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылган. Өз кезегинде Меркел Германиянын өкмөтүнө атайын программаны иштеп чыгууну тапшырган. Программада уникалдуу жапайы жаныбарларды сактоо жана жергиликтүү тургундардын социалдык-экономикалык абалын жогорулатуу да камтылган.

Илбирстерди сактоо боюнча Бишкекте өтө турган бүткүл дүйнөлүк форумга Кытайдын, Непалдын, Индиянын, Пакистандын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышышы мүмкүн. (BkA)

XS
SM
MD
LG