Бүгүнтөн тарта Ысык-Көлдө ишкерлердин жайкы лагери өз ишин баштайт. Бул тууралуу лагерди уюштурган Бишкек ишкерлер клубунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад облустарынан, Кара-Балта шаарынан жана Бишкектин чеке-белиндеги жаңы конуштардан келген 38 жаш ишкер бир жума бою иш баштоо, ишкерликтин жол-жоболору боюнча белгилүү ишкер жана адистердин дарстарын угуп, чет өлкөнүн тажрыйбалары менен таанышат.
Жыйынтыгында, лагерге катышкан ишкерлер өз ишин баштоо боюнча планын сунуштап, эң мыктыларына бул планды ишке ашыруу үчүн Бишкек ишкердик клубу акчалай жардам көрсөтөт. (BkA)