Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

Ирак өкмөтү Түркияга эскертүү жасады


Ирак бийлиги Түркия Күрдистан автономиялуу аймактан мунай ташып, мыйзам бузууда деп билдирди. Мындай иш-аракеттер Анкара менен Ирактын борбордук өкмөтү ортосундагы мамилелерге залака тийгизиши ыктымал деп эскертти расмий Багдад.

Ирак өкмөтүнүн маалымат катчысы Али ал-Даббагдын айтымында, мунай – бардык ирактыктардын байлыгы жана аны экспортоо, кирешесин бөлүштүрүү борбордук бийлик тарабынан уюштурулууга тийиш. Жума күнү Түркия Ирактын түндүгүнөн кунүнө 5-10 цистерна мунай импорттой баштаганын, бара-бара анын көлөмү 100-200 цистернага жетээрин жарыялаган.

Түркия менен чек аралаш Ирактын Күрдистан автономиялуу аймагы мунай экспорту боюнча борбордук өкмөт менен көптөн бери талашып келатат.

XS
SM
MD
LG