Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:35

Алтынбек Сулайманов “Республика” фракциясынын лидери болду


Канатбек Исаев “Республика” фракциясынын лидерлигинен бошоп, анын ордуна Алтынбек Сулайманов дайындалды. Бул тууралуу “Республика” партиясынын
аткаруу комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган партиянын депутаттары өткөн жуманын аягында жыйын куруп, фракциянын ишин жыйынтыктап, алдыдагы пландарды жана уюштуруу маселелерин талкуулап, ушундай чечим кабыл алды. Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жана фракциянын лидери эмне себептен алмашканы тууралуу түшүндүрмө берилген жок.

Буга чейин парламенттеги оппозициячыл “Ата-Журт” фракциясынын төрагасы алмашкан болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG