Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:47

Кофи Аннан Орусияга, Пан Ги Мун Кытайга барат


Эл аралык арачы Кофи Аннан Сириядагы кризистен чыгуунун жолдорун талкуулаганы бүгүн эки күндүк иш сапары менен Москвага барат. Ал бүгүн орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугуп, эртең президент Владимир Путин менен кездешет. Ал эми БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун бүгүн Сирия маселесин Бээжинде кытай жетекчилиги менен талкуулайт. БУУнун лидерлери жолугушууда Москва менен Бээжинди Сирия президенти Башар Асадды согушту, зомбулукту токтотуу чакырыгына тилектештик билдирүүгө үндөйт.

Кечээ “Кызыл чырым” эл аралык комитети Сириядагы жаңжал жарандык согушка айланды деп билдирүү тараткан. Маалыматтарга караганда бүгүн да Сириянын бир канча аймактарында, анын ичинде борбор калаасы Дамаскта жер дүңгүрөткөн аткылашуу орун алды.

XS
SM
MD
LG