Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:40

Уламалар кеңеши жаңы муфтий шайлашы мүмкүн


Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахматулла Эгембердиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, эртең Бишкекте Уламалар кеңеши жыйын курат. Анда муфтиятка байланыштуу соңку жагдай талкууланат жана жаңы муфтийликке талапкерлер көрсөтүлүшү ыктымал.

Азыркы муфтий Чубак ажы Жалилов кырдаал боюнча бүгүн журналисттерге расмий маалымат берерин “Азаттыкка” билдирди.

Бишкекте буга чейин муфтияттын алдында атаандаш муфтият түзүү боюнча демилгелүү топтун өкүлдөрү боз үй тигүүгө аракет кылган.

Демилгелүү топтун өкүлү Жыпарбек ажы Тойчубеков дагы бир муфтият түзүлүп, Дин иштери боюнча комиссиядан катоодон өткөнүн, муфтийдин милдетин аткаруучу болуп Рустам ажы Жумагулов дайындалганын “Азаттыкка” билдирген болчу.

Аталган комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев мындай маалыматты четке каккан.

Чубак ажы Жалиловго каршы топтор чыгып, анын кызматта отурушу толук мыйзамдуу эмес экенин айтып, кетишин талап кылышууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG