Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

2012-жылы деңизде карактоо кыйла азайды


Эл аралык деңиз бюросу 2012-жылдын биринчи жарымында деңиз каракчыларынын кол салуусу сейрек катталганын баяндамасында белгиледи. Өткөн жылы алты ай ичинде 266 кол салуу болсо, бул жылы 177 карактоо катталган.

Деңиз күзөтчүлөрүнүн ишинин күчөгөнү жана кемелерде куралдуу кезметчилердин көбөйүшү каракчылардын кол салуусуна жолтоо болууда деп айтылат баяндамада. Анткен менен ушул тапта сомали пираттарынын колунда 11 кеме жана 200 моряк барымтада кармалууда.

XS
SM
MD
LG