Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:13

Марокко бийлиги Сириянын элчисин өлкөсүнө кайтарды


Расмий Рабат бул кадамы менен Сирияда зомбулук токтоп, демократиялык өзгөрүүлөр болушу керектигин билдирди. Дамаск болсо буга жооп катары Мароккодогу элчисин "персона нон грата" деп атады.

Буга чейин Сириянын Мароккодогу элчиси Наби Исмаил президент Башар Асаддын режимине каршы күрөшкөн тарапка өттү деген каңшаар кептер тараган. Мындан бир нече күн мурда Сириянын Ирактагы элчиси да оппозиция тарапты колдой турганын билдирип, кызматын таштаган болчу.

Батыш саясатчылары соңку кезде сириялык дипломаттардын да оппозиция тарапка өтүп жатышын президент Асаддын режими алсызданып баратат деп баалап жатышат. Бирок элчи Наби Исмаил сириялык оппозицияны колдой турганын ачык билдире элек. Марокконун Тышкы иштер министрлиги да бул окуя тууралуу расмий жооп берише элек, бирок министрлик тараткан билдирүүдө «Сирия өзгөрүүсүз калбаш керектиги» тууралуу айтылат.

XS
SM
MD
LG