Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

АКШ Москванын Сирия боюнча көз карашын өзгөртө алган жок


Вашингтондун Сирия боюнча чабарманы Фредерик Хоф менен орусиялык дипломаттардын кездешүүсүнөн кийин жасалган билдирүүдө эки жак эл аралык чабарман Кофи Аннандын тынчтык планын колдоого башка өлкөлөрдү көндүргөнгө аракеттенели деп макулдашканы айтылат. Бирок Орусия АКШнын бийликти өткөрүп берүү стратегиясын колдобой койгон. АКШ тарап Сирия президенти Асад бийликтен толук баш тартышы шарт деген пикирде. Жума күнү Германия да Орусияны Асаддын режимине каршы Бириккен улуттар уюмунун катаал чара колдонуусун колдоого чакырды.

Сирия оппозициясы жума күнү Идлиб жана Дамаскидеги жардыруудан жети киши набыт кеткенин, ошондой эле Хомс провинциясында көтөрүлүшчүлөр менен өкмөттүк күчтөр ортосунда жаңы кагылыштар болгонун кабарлады.

XS
SM
MD
LG