Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Бүгүн жаңы муфтийдин талапкерлиги каралышы мүмкүн


Бүгүн Уламалар кеңешинин кезексиз жыйынында жаңы муфтийдин талапкерлиги каралышы мүмкүн. Бул тууралуу 16-июлда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы Чубак ажы Жалилов билдирди.

Жалиловдун айтымында, Уламалар кеңешинин жыйынында анын берген арызы кабыл алынып, жаңы муфтийдин талапкерлиги каралышы мүмкүн.

Кечээ муфтий Чубак ажы Жалиловдун өз эрки менен кызматтан кеткен болчу. Ал мындай чечимин мусулмандар арасындагы тынчтык үчүн жана саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирген. Ага чейин айрым дин өкүлдөрү Чубак ажы Жалиловду кызматтан кетишин талап кылып, атаандаш муфтият түзүлгөнүн жар салышкан эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG