Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Хосни Мубарак кайрадан түрмөгө которулду

Египеттин экс-президенти Хосни Мубарак аскердик госпиталдан кайрадан түрмөгө которулду. Доктурлар анын саламаттыгы турукташты деген бүтүмгө келишкенден кийин Башкы прокуратура тиешелүү буйрук чыгарган. 84 жаштагы экс-президент өткөн айда инсульт болуп, эс-учун жоготкон.

Мубарак былтыркы элдик көтөрүлүш маалында тынч демонстранттарга ок ачуу иши боюнча айыптуу деп табылып, июнда өмүр аягына чейин абакка кесилген.
XS
SM
MD
LG