Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Франциянын коргоо министри Жан-Ив Лө Дриан Өзбекстанга барды


Президент Ислам Каримов жана башка расмий адамдар менен жолугушууларда НАТОнун Ооганстандагы аскерлерин жана жабдыктарын Өзбекстан аймагы аркылуу чыгаруу планы талкууланды.

Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози Ташкент транзит жолдору үчүн өтө эле көп акы сурап жатканын айткан. Лө Дриан менен Каримов ошондой эле Бейпилдик контингенти Ооганстандан чегингенден кийинки Борбор Азиядагы коопсуздук маселесин талкуулашты. НАТО аскерлерин 2014-жылдын аягына чейин алып кетүүнү көздөөдө.

Ал тапта тажик тышкы мекемесинин жетекчиси Хамрохон Зарифи Тажикстандын аймагында аскердик база жайгаштыруу тууралуу Вашингтон менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогонун билдирди. Эки аптадай мурун эле АКШ конгрессмендеринин делегация башчысы Дэн Бартон "Манастагы" транзиттик борбору 2014-жылы жабылгандан кийин ага альтернатива катары Тажикстан каралып жатканын айткан.

XS
SM
MD
LG