Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Кыргызстанда 17-20-июль күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам тоолуу жана тоо этектеген ойдуң жерлерде сел жүрүшү мүмкүн.

18-июлда Ысык-Көлдө жана кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, ал эми Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 31…36 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26 градус жылуу.

Бишкекте 18-июлда жаан жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17... 19, күндүз 34... 36 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 16-июлда күндүз 21, ал эми 17-июлда эртең менен 20 градус болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG