Сириянын президенти Башар ал-Асадга каршы катуу чараларга барыш үчүн Бириккен улуттар уюмунун жана Араб лигасынын атайын өкүлү Кофи Аннан бүгүн президент Владимир Путин менен жолугушууда анын колдоосун алганга аракет кылат. Кечээ Аннан орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөн, бирок андан тийиштүү колдоону ала алган эмес.
Сирияда жүргөн эл аралык байкоочулар миссиясынын иш мөөнөтү ушул аптанын жума күнү аяктайт. Лавров болсо “непада Батыштагы өлкөлөр Сирияны санкциялар менен коркутканын койбосо, Орусия эл аралык байкоочулардын иш мөөнөтүн узартууга каршы болот” деп эскерткен.
Ал арада борбор шаар Дамаскиде жекшембиден бери уланып жаткан айыгышкан атышууларда козголоңчулар эки районду көзөмөлгө алышканын билдиришти.
Ал эми Сириянын Ирактагы мурдагы элчиси, оппозиция тарапка өтүп кеткен Наваф ал-Фарес “президент Асаддын режими өзүн бийликте сактап калыш үчүн элге каршы химиялык курал колдонгондон да кайтпайт” деп билдирди. Ал Асаддын бийлигин “ал-Каида” менен иштешет деп да айыптады.