Филадельфиянын прокурору айтканына караганда, 52 жаштагы Омелиян Ботсвиньюк адамдарды кулчулукка саткан деп табылды. Ботсвиньюк менен анын бир тууганы Украинанын айылдарынан жумуш издеген адамдарды топтоп, Филадельфияда үйлөрдү, ишканалардын имараттарын дээрлик бекер жууп-тазалоо ишине мажбурлаган. Алар адамдарды коркутуш үчүн уруп-сабоого, сексуалдык кордук көрсөтүүгө да барышканы айтылды. Омелияндын бир тууганы Степан Ботсвиньюкка “рэкетчилик” үчүн бүгүн өкүм чыгарылышы мүмкүн деп жатышат. Ал 20 жылга кесилиши ажеп эмес.