Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Бишкекте Уламалар кеңеши жыйынга чогулуп атат


Ушул тушта Уламалар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп жатат. Анда муфтий Чубак ажы Жалиловдун кызматтан кетүү тууралуу арызы кабыл алынып, жаңы муфтийдин талапкерлиги каралышы мүмкүн.

Кабарчыбыз Заирбек Бактыбаевдин билдиришинче, жыйынды тартип коргоо органдары катуу көзөмөлгө алып жатат.

Кечээ муфтий Чубак ажы Жалилов өз эрки менен кызматтан кеткен болчу. Ал мындай чечимин мусулмандар арасындагы тынчтык үчүн жана саламаттыгына байланыштуу кабыл алганын билдирген. Ага чейин айрым дин өкүлдөрү Чубак ажы Жалиловду кызматтан кетишин талап кылып, атаандаш муфтият түзүлгөнүн жар салышкан эле. (EBM)

XS
SM
MD
LG