Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Бектур Искендер: "Клооп" сайтын атайын бузушкан өңдүү


Кечээ кечинде "Клооп" маалымат жана блог порталын белгисиз бирөөлөр бузуп салышты. Сайттын башкы редактору Бектур Искендердин "Азаттыкка" маалымдашынча, порталдын ичиндеги бардык материалдар өчүрүлүп, алардын ордунда "Клоопко" карата какшык сөздөр пайда болуп калган.

- Биз азыр ишибизди кайрадан жандандыруу менен алекпиз. Мисалы, порталдын жаӊылык тармагындагы 50 пайыздай материалды калыбына келтирдик. Адегенде белгилүү жана бизге кайрылган колдонуучулардын блогдорун калыбына келтирип жатабыз.

Бектур Искендердин айтымында, Кыргызстанда же дүйнөдө болобу – сайтты бузуу көрүнүшү көп эле кездешет. Бирок Искендер ушул жылдын март айынан тарта материалдарды көчүрбөй калышканын, ушундан улам азыр материалдарды калыбына келтирүү процесси бир топ түйшүктү жаратканын мойнуна алды:

- Алдын ала маалыматтар боюнча, башкы администраторубуздун биринин аккаунту талкаланып, вирус жуктурса керек. Бирок кечээ сайтта жарыяланган жазууларга караганда, бул иштер атайын "Клоопко" каршы багытталган болушу мүмкүн. Анткени жазуулар "Клоопту" какшыктагандай көрүндү. Мен муну ким жасаганын айта албайм жана бул кимге керек болгонун да түшүнө албай турам. Балким кимдир бирөө жөн гана өзүн сынап көргүсү келгендир.

Бектур Искендер ушул тапта күчтүн баары калыбына келтирүү иштерине жумшалып, бул болсо бир нече күнгө чейин созулушу мүмкүн экенин кошумчалады. (TTo)

XS
SM
MD
LG