Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:28

Режеп Тайып Эрдоган Москвада


Сириядагы абал бүгүн Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Москвадагы жолугушууларында да сөз болмокчу. Бүгүн анын Орусиядагы иш сапары башталууда.

Кремл Башар Асаддын режимин колдоп келатса, Сирия менен чек аралаш Түркия антиөкмөттүк көтөрүлүштү күч менен басуу аракеттерин катуу сындагандардын бири. Орус президенти Владимир Путин жана башка расмий адамдар менен сүйлөшүүлөрдө андан тышкары эки тараптуу кызматташуу талкууланат.

Орусия Түркиянын Германиядан кийинки экинчи ири соода өнөктөшү. Ортодогу соода көлөмү жылына 31,8 миллиард долларга жетет. Өткөн жылы түрктөр Орусиядан 26 миллиарддай куб метр газ импорттошкон.

XS
SM
MD
LG