Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Сирияга байланышкан резолюция долбоору талкууланат


БУУнун Коопсуздук кеңешинде Сирияга байланышкан резолюция долбоору боюнча бейрасмий консультациялар өттү. Документти Орусия Британиянын вариантына альтернатива катары сунуш кылган.

Батыш дипломаттары жеке баарлашууларда аны “адекваттуу эмес” деп атап, Британия иштеп чыккан долбоор боюнча орустар менен сүйлөшүүлөр улантыларын айтышууда.

Орусиянын соңку резолюциясы санкцияларга үндөбөйт, бул – Батыш дипломаттары үчүн өтө маанилүү пункт болууга тийиш. Москва Сирия режимин жазалоо чараларын камтыган долбоорго вето койорун эскертип келатат. Документ Коопсуздук кеңешинде бүгүн колго салынмакчы.

Резолюция жумага чейин кабыл алынууга тийиш. 20-июлда БУУнун Сириядагы байкоочулар миссиясынын мандаты соңуна чыгууда.

XS
SM
MD
LG