Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

Дүйнө калкынын төрттөн үч бөлүгүндө чөнтөк телефон бар


Дүйнөлүк банк шардана кылган маалыматка ылайык, дүйнө калкынын төрттөн үч бөлүгү чөнтөк телефондорго ээ. Банктын жаңы отчетунда айтылгандай, мобилдик байланыштын жайылышы айыл чарба, саламаттыкты сактоо, финансылык кызмат көрсөтүү өңдүү тармактарга чоң салым кошууда.

Банк жүргүзгөн изилдөө көрсөткөндөй, мобилдик телефондор интернетке караганда көбүрөөк тарап жатат. Азербайжан, Беларус, Грузия жана Казакстанда 80 пайыз үй-бүлөдө чөнтөк телефондор бар.Орусияда бул көрсөткүч – 90, ал эми Иракта 94 пайызды түзөт. Иран жана Молдовада төмөнүрөөк – 70 пайыздын тегерегинде.

XS
SM
MD
LG