Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:33

Пакистанда исламчылар нааразылык акциясын өткөрүштү


Пакистанда исламчылар америкалык пилотсуз учактардын соккуларына жана Ооганстан менен чек аранын НАТОнун кербендери үчүн ачууга каршылыгын билдирип чыгышты.

Торхам чек ара өткөөлүнө жакын жердеги Жамруд шаарчасына чогулгандар “АКШга өлүм” деген ураан чакырып турушту. Нааразылык акциясын Пакистандын ашынган оңчулдар коалициясынын мүчөсү “Жамаат е Ислами” уюму уюштурган.

Жергиликтүү администрациянын өкүлү иш-чарага 18-20 миңдей киши чогулганын кабарлады. Пакистан менен Ооганстан ортосундагы транзиттик жол эл аралык күчтөр үчүн былтыр ноябрда АКШнын аба соккусунан пакистандык 24 чек арачы набыт кеткенден кийин жабылган. Вашингтон бул үчүн кечирим сурап өткөөл 3-июлда ачылды.

XS
SM
MD
LG